Орусияда ММА мушкери Тимур Хизриевге кол салуу болду. Дагестандык спортчуга травматикалык тапанча менен бир нече жолу ок атылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Окуя кечээ, 15-июлда кечки саат 23:40 чамасында болгон. Маалыматтарга ылайык, Хизриевди Даниялов көчөсүндөгү үйүнүн короосунда белгисиз эки киши күтүп турган. Ал унаасынан түшкөндө беткап кийген эки адам ага ок чыгарган. Жалпысынан 10го жакын ок чыгарылган.
Камерага түшкөн видеодо башында Хизриев каршылык көрсөтүп, кол салгандардын бирин жыгып да түшүргөнү көрүнөт. Бирок ошол маалда экинчи киши ага жакындап келип, дагы бир нече жолу ок чыгарган. Андан кийин спортчу ордунан туруп, унаасынын артына качып кеткен.
Кол салгандар окуя болгон жерден качып кетүүгө жетишкен.
Окуядан кийин спортчуну шашылыш түрдө Махачкаладагы ооруканага жеткиришкен. Учурда анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экени айтылууда. Дарыгерлердин айтымында, абалы туруктуу.