MBANK'тын бардык банктарындагы кредиттик тарыхыңызды билип алыңыз

Ар бир MBANK колдонуучусу өзүнүн кредиттик тарыхын акысыз биле алат. Кредиттик тарых деген эмне? Бул сиз алган кредиттер жана карыздар тууралуу толук маалымат. Кредиттик тарыхыңыздан сиз төмөнкүлөрдү биле аласыз:

  • кайсы уюмдарда жана качан кредит же зайым алдыңыз;
  • кредиттин же зайымдын суммасы;
  • төлөмдөр өз убагында төлөнгөнбү;
  • сиз поручитель же кошумча карыз алуучу болгонуңузга;
  • кредиттик рейтинг (кредиттик тарыхтын негизинде эсептелет).

Кредиттик тарыхы жакшы деп ойлогондор дагы текшериши керек.

Кредиттик тарыхыңызды качан текшеришиңиз керек?

  • Эгерде сиз кредит алгыңыз келсе, ага чейин өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү баалоо керек болсо;
  • Эгер сизге кредит берүүдөн баш тартышса жана сиз анын себебин билбесеңиз;
  • Сиз паспортуңузду жоготтуңуз — алдамчылар сизге кредит берген-бербегенин текшерүү үчүн жакшы себеп;
  • Тилекке каршы, сиздин кредиттик тарыхыңызда ката болушу мүмкүн – анын жок экенине ынануу керек.

Буга чейин кредиттик тарыхыңызды билүү үчүн Кредиттик бюронун кеңсесине келип, паспортуңуздун түпнускасын сөзсүз түрдө жаныңызда болушу керек болчу. Бул күч-аракетти, убакытты жана акчаны талап кылчу. Эми "Кредиттик тарых" жаңы кызматы менен сиз үйүңүздөн чыкпай эле, бир нече мүнөттүн ичинде кредиттик тарыхыңызды ала аласыз.

Кредиттик тарыхты кантип текшерсе болот?

  • MBANK'ты эң акыркы версияга жаңыртыңыз;
  • MBANK тиркемесин ачыңыз;
  • "Кызматтар" бөлүмүнө өтүп, "Кредиттик тарыхты текшерүү" кызматын тандаңыз;
  • "Акысыз алуу" баскычын басыңыз.

Даяр! Кредиттик тарых MBANK тиркемесинде PDF форматында сакталат. Биринчи жолу кредиттик тарыхты акысыз алууга болот. Кийинчерээк кызмат 150 сом түзөт.

MBANK - БИРИНЧИ САНАРИПТИК!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан