11-декабрда Бишкектин батыш бөлүгүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы маалымдайт. Өчүрүү саат 9:00дөн 13:00гө чейин баш калаанын Тойгонбаев, Адышев көчөлөрүндө болот. Аталган ишкана билдиргендей, электр жарыгы №3346-көмөк чордонунда оңдоо иштери болгонуна байланыштуу өчүрүлүп жатат.