"РСК Банк" ААК Кыргызстанда биринчи жолу Visa төлөм картасынын негизинде смартфон аркылуу Google Pay жардамы менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөй турган кызматты сунуштайт!
Google Pay - NFC колдоосунда Android смартфондору менен төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасы. Бул кардарлар үчүн эң жакшы жеңилдик, ал сизге Google аккаунтуңуз менен эле сатып алуулар үчүн тез жана оңой төлөөгө мүмкүндүк берет, төлөмдөр бардык жерде картанын өзүн көрсөтпөстөн кабыл алынат. Азыркы учурда бул дүйнөнүн 45тен ашуун өлкөсүндө кеңири колдонулуп жатат.
"Мындай кызматтын аркасында Банктын кардарлары "РСК Банктан" эл аралык Visa картасын Google Payге бир жолу байланыштырып, андан кийин аны сатып алууда колдоно алышат. Колдонуучулар бул төлөм ыкмасынын ыңгайлуулугун, ишенимдүүлүгүн жана бат аткарыларын жогору баалашарына ишенебиз”, - деди Банк башкармасынын төрагасы Кадырбек Букуев.
Кантип “РСК Банктан” Visa картасын кошуп, Google Pay аркылуу төлөм жүргүзсө болот?
Байланышсыз төлөмдү кантип орнотуу керек?
Сатып алуулар үчүн төлөөдө сизге булар зарыл:
Google Pay - күн сайын коопсуз төлөө ыкмасы. Камтылган маалыматтарды коргоп турган тутумдагы тиркеме аркылуу сатып алууларды төлөө банк картасы же нак акча менен төлөгөнгө караганда ишенимдүү. Google аккаунтуңузга кошулган маалыматтар компаниянын серверлеринде купуя сакталып турат.
Мындан тышкары, сиз экранды кулпулоо (блоктоо) жана PIN-кодду, графикалык ачкычты же манжа изин орнотуу менен маалыматтарды коргоо деңгээлин өзүңүз деле жогорулата аласыз. Эгерде, телефонуңуз жоголуп же уурдалып кетсе, сиз “Аппаратты табуу” кызматы аркылуу төлөм маалыматыңызды коргой аласыз. Бул сизге телефонуңузду аралыктан кулпулоого, Google аккаунтуңуздан чыгууга же аппаратыңыздагы маалыматтарды өчүрүп таштоого мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, Google Wallet аркылуу мобилдүү телефондордон тышкары Wear OS тиркемесин орнотуу менен акылдуу сааттар аркылуу төлөмдөрдү жүргүзө аласыз.