Автокырсык боюнча айыпталып жаткан депутаттын жардамчысы 2 айга камакка алынды

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту авто кырсык боюнча айыпталып жаткан ЖКнын депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыповду 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Тактап айтканда, Жакыпов 2013-жылдын 8-февралына чейин камакта отурат. Эске салсак, 8-декабрда Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 5 унаа катышкан жол кырсыгы болуп 3 адам каза тапкан. Экспертизанын жыйынтыгы менен депутаттын жардамчысы мас абалында рулда баратканы жана унаасына жалган номер тагып жүргөнү белгилүү болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан