Beeline менен футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун көрүңүз

20-ноябрда Катарда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионат старт алат. Миңдеген күйөрмандар өзүнүн сүйүктүү курамаларына колдоо көрсөтүү үчүн ушул зор окуяны чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Beeline оператору футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатты Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүнүн расмий өнөктөшү болду. Ушунун аркасында кыргызстандыктар өзү сүйгөн курамасы үчүн күйөрман болуп, НТРК жана НТРК Спорт телеканалдарында бул зор окуяга күбө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Катар Жакынкы Чыгыштагы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатты кабыл ала турган биринчи өлкө болуп эсептелет. Жергиликтүү климаттын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу турнир биринчи жолу жайында эмес, 2022-жылдын күз-кыш айларында 20-ноябрынан 18-декабрына чейин өтөт. Анда 32 курама команда катышат. Ачылыштын биринчи оюнунда Катар менен Эквадор жолугушат.

Beeline өлкөнүн жана коомдун өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен туруктуу негизде социалдык маанилүү долбоорлорго инвестиция кылат.

Beeline мүмкүнчүлүктөрдү белек кылат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан