Бишкекте O!Store тармагынын 110-дүкөнү ачылды

Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкекте O!Store тармагынын жаңы филиалы ачылды. Дүкөн мобилдик кызматтардын толук спектрин көрсөтүүдө жана кардарларын төмөнкү дарек боюнча күтөт:

  • Чүй пр. 111а (ориентир: Saima Telecom кеңсеси). Иштөө графиги: саат 09:00дөн 18:00гө чейин, тыныгуу 13:00-14:00, ишемби жана жекшемби күндөр – дем алыш күндөр.

Филиалдын ачылышынын урматына бардык аксессуарларга: телефон каптарга, айнектерге, флеш-карталарга, пауэрбанктарга, кабелдерге, заряддоочу түзүлүштөргө, смартфон кармоочторго, кулакчындарга -20% арзандатуу каралган.

Акция 2022-жылдын 28-ноябрынан 28-декабрына чейин жүрөт.

«Биздин филиалдарыбыздын жакындыгы кардарларыбызга убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт. Мындан ары шаардын кичи райондорунан борборуна чейин тыгындар менен келүү зарылдыгы жок. Биз бир гана дүкөндөрдүн саны эмес, тейлөөнүн сапаты боюнча да тутумдуу иш алып барууну улантуудабыз», – деп белгиледи О! сатуу жана тейлөө кеңселерин өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Равшан Бакиров.

O!Store – Samsung, Apple, Huawei, Xiaomi, POCO, Tecno, Infinix, Realme, Honor, Itel дүйнөлүк бренддеринин расмий өнөктөшү. Бул жерден каалаган смартфонду бөлүп төлөөгө жолжоболоштуруп алса болот.

Тарифтер боюнча бардык маселелерди чечүү, керектүү кызматты кошуу, детализация алуу, SIM-картаны жоготуп алган учурда, аны акысыз калыбына келтирүү, eSIMди акысыз орнотуу, «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгынан акча каражаттарын комиссиясыз накталатуу жана башка көптөгөн маселелер боюнча O!Store дүкөнүнө келиңиз.

Дүкөндөргө виртуалдуу баш багуу мүмкүнчүлүгү дагы бар – ostore.kg сайтына кирсеңиз, бардык дүкөндөрдүн даректерин табасыз. Суроо пайда болдубу? Анда 0 705 007 000 номерине чалыңыз.

Акция боюнча товардын саны чектелүү. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КРУБ №037 лицензиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан