Улуттук стандарт боюнча QR. Бизнес үчүн талаптар жана чечимдер

«О!Деньги» төлөм тутуму ишкерлерге төлөмдөрдү улуттук стандартка шайкеш QR-код аркылуу алуу боюнча пайдалуу жана ыңгайлуу чечим тартуулайт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын токтомдоруна ылайык, бекитилген тизмеге кирген бардык соода-сервис ишканалары төлөмдөрдү улуттук стандартка шайкеш QR-код боюнча кабыл алуу мүмкүндүгүн ишке ашырууга милдеттүү.

Ошол эле учурда коммерциялык банктар менен төлөм тутумдарынын операторлорунун баары бизнес үчүн QR-төлөмдөрдү аткаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү мүмкүндүгүн 2022-жылдын 31-декабрына чейин камсыздоого тийиш.

«О!Деньги» төлөм тутуму рынокто биринчилерден болуп, колдонулган QR-коддорду унификациялоо жана аларды жаңы талаптарга шайкештөө боюнча иш-чараларды аягына чыгара алды.

Бул болсо, «О!Деньги» сервисинин QR-код боюнча төлөмдөрдү кабыл алган өнөктөштөрү да мыйзамдардын талаптарын аткарууда дегенди түшүндүрөт.

Кантип өнөктөш боло аласыз?

Шилтемеге кирип, маалыматтарды толтуруңуз да, адистин чалуусун күтүңүз.

«О!Деньги» сервисинин бизнес үчүн артыкчылыктары:

  • Кардарлар үчүн тез жана ыңгайлуу төлөө жолу;
  • Капчыктын колдонуучуларынын кеңири базасы;
  • Акча каражаттарынын компаниянын эсебине өз убагында которулушу;
  • Төлөмдөр боюнча 24/7 онлайн режимде ыңгайлуу көзөмөл жана аналитика;
  • Кызматкерлерди тез кошуу жана окутуу;
  • Кардарларды коштоо боюнча менеджердин колдоосу.

«О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууну миңдеген сатуу жана тейлөө борбору тандап, ийгиликтүү колдонууда. Сиз дагы кошулуңуз!

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан