Эл өкүлү өлкөдөгү банктарды "тоноочулукка" айыптады

Бүгүн, 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков өлкөдөгү банктар элди тоноп жатканын айтып чыкты.

Депутаттын айтымында, валюта курстарынын жазылганы башка, иш жүзүндө алмашкан курсу башка болуп, ортодо айырма болуп жатат.

"Каракчылар бекинип, жүздөрүн жашырып элди тонойт экен да. Бирок ачык эле тоногон бир эле институт бар. Анын аты банк болуп калды. Азыр курстардын жазылган баасы башка, иш жүзүндө алмашкан баасы башка болуп жатат. Бул көз көрүнөө мамлекеттеги мыйзамды бузуу жана адамдардын бетине түкүрүү. Эми ошол менен бүтсө эле мейли эле, бул боюнча бизге шайлоочулар кайрылып жатат. Мурда чет өлкөдөн 1000 доллар жиберсе, бул жактан туугандары 1000 доллар алчу экен, азыр 970тен алып жатыптыр. 3 пайыздан жөнү жок банктар кармап калып жатышыптыр. Бул жөн эле валюталык мафиянын кылган иши", - деди Кадырбеков.

Депутат эл ансыз деле мигранттардын акчасына жашап жатканын айтып, бул маселеге көнүл бурууга чакырды.

Ошондой эле ал депутаттарга кайрылып, Улуттук банкта сакталып турган 40 тонна алтындын бар же жогун көрүп келүүнү сунуштады.

Эл өкүлү өлкөдөгү банктарды "тоноочулукка" айыптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан