Ганада маймыл чечек вирусу менен ооругандардын саны 133кө жетти

Батыш Африкадагы Гана өлкөсүндө маймыл чечек вирусу менен ооругандардын саны 133кө жетти. Бул тууралуу Гананын Саламаттык сактоо кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, вирус өлкөнүн 10 провинциясына караштуу 46 аймакта тарап жатат. Бир гана акыркы жума ичинде 14 жаңы учур катталган. Mаймыл чечек оорусунун алгачкы учурлары быйыл 19-майда 4 адамдан аныкталган болчу.

Вирустун жайылышын токтотуу максатында бийлик жогорку кооптуу топторду эмдөө боюнча кампанияны баштаган.

Вирус жугуштуу жаныбарлардан (чычкан, тыйын чычкан сыяктуу кемирүүчүлөрдөн), же бул вируска чалдыккан адамдардан жугушу мүмкүн.

Негизги жугуу жолдору:

  • оорулуунун денесиндеги ириңдүү бүдүрлөргө тийүү,
  • ошол бүдүрлөр жабышкан кийим, жамынгыч, сүлгү сыяктуу буюмдарды колдонуу,
  • дене суюктуктары менен байланыш.

Инфекция жуккандан кийин 5-21 күндүн ичинде төмөнкү белгилер байкалат:

  • жогорку дене табы,
  • баш, бел, булчуң оору,
  • лимфа бездеринин шишиши,
  • чарчоо, үшүү, калтыроо,
  • денеде суу чечекке окшогон ириңдүү бүдүрлөрдүн чыгышы.

Маймыл чечекти дарылоонун атайын ыкмасы азырынча жок. Бирок симптомдорду басаңдатуу жана организмге жардам берүү үчүн вируска каршы дары-дармектер колдонулат. Көпчүлүк бейтаптар бир нече жуманын ичинде айыгышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан