Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон иш сапарынын алкагында Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.
"Тараптар жол инфраструктурасын реабилитациялоо, медициналык мекемелерди модернизациялоого көмөктөшүү, адамды өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунун ишмердүүлүгүнүн жана JDS программасынын (кадрларды даярдоо боюнча стипендиялык программа) алкагында адамдык потенциалды өнүктүрүү жаатында кызматташуу сыяктуу багыттарга токтолушту", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көз карандысыз жана туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана адам ресурстарын өнүктүрүүгө жардам көрсөтөт.