Кечээ, 30-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "С" жана "D" тайпаларынын төрт оюну өттү.
Австралия курамасы Данияны 1:0 эсебинде жеңип, "D" тайпасында экинчи орун менен плей-офф баскычына өттү. Бул тайпада биринчи орунду акыркы турда Туниске утулуп калган Франция ээледи.
"С" тайпасында Аргентина курама командасы Польшаны ишенимдүү жеңип (2:0) 1/8 финалга 1-орун менен чыкты. Параллель оюнда Мексика Сауд Арабияны жеңди (2:1). Аргентиналыктар менен бирге поляктар да киргизген жана өткөрүп жиберген голдордун айырмасы боюнча мексикалыктардан артыкчылыкка ээ болгондуктан плей-оффко чыгышты. Эки команда тең төрттөн упайга ээ болгон, бирок Польша эки гол киргизип, эки гол өткөрүп алгандыктан экинчи орун менен плей-оффко чыкты. Мексиканын айырмасы 2-3.
Аргентина - Австралия, 3-декабрь, Бишкек убактысы боюнча саат 01:00;
Франция - Польша, 4-декабрь, Бишкек убактысы боюнча саат 21:00.
Буга чейин биринчи айлампада 1/8 финалда төмөнкү жуптар ойной турганы белгилүү болгон: Нидерланды - АКШ, Англия - Сенегал.