"Катар-2022": Месси менен Роналду бири-бирине каршы кандай жол менен ойной алат? Талдайбыз

Лионель Месси баштаган Аргентина курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына чыкты. Акыркы оюнда Польшаны жеңген (2:0) Түштүк Америка командасы "С" тайпасында биринчи орун менен чыкты. Ал эми Криштиану Роналду баштаган Португалия курамасы мөөнөтүнөн мурда 1/8 финалга чыккан, бирок азырынча Португалия өзүнүн тайпасында канчанчы орун менен чыкканы билине элек.

"Н" тайпасында 1-орунду ээлөө үчүн Португалияга Түштүк Корея курамасына акыркы турда утулуп калбашы гана жетиштүү. Бул учурда Месси менен Роналду бири-бирине каршы финалда гана ойной алышат. Албетте, эки команда тең финалга жетсе. Анткени алардын командалары турнирдик жадыбалдын ар кайсы бөлүгүнө кирет. Мисалы: Аргентина – сол жакта же жогоруда, Португалия – оң жакта же ылдыйда.

Гана параллелдүү беттеште Уругвайды жеңбесе, португалиялыктар түштүк кореялыктарга утулуп калса да өз тайпасында биринчи орунда кала берет. Бирок африкалыктар жеңишке жетип, ошол эле учурда керектүү гол айырмасын камсыздаса, Португалия жеңилген учурда экинчи орунга түшүп калат.

Маселен, португалиялыктар акыркы турда 0:1 эсебинде утулуп, Гана 2:0 эсебинде жеңишке жетсе Португалия тайпада экинчи орунга түшөт. Бул учурда, Аргентина менен Португалия турнирдик жадыбалдын сол же жогору жагында болот. Мындай учурда Месси менен Роналду бири-бирине каршы жарым финалда ойной алышат.

Португалия "Н" тайпасында канчанчы орун менен чыгаары эртең, 2-декабрда белгилүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан