10-декбарда КРнын Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов Москва шаарында өткөн “Заманбап парламентаризм жана демократиянын келечеги” аттуу эл аралык форумга катышты. Аталган министрлик билдиргендей, Ибрагим Жунусов бул форумга Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан сыйлуу конок катары чакырылган. Министр ошондой эле 14-декабрда Мамлекеттер аралык Гуманитардык кызматаштык фондунун башкармалагынын жана Гуманитардык кызматташтык кеңешинин биргелешкен жыйынына катышууну пландап жатат.