Садыр Жапаров манасчы Рысбай Исаковду кабыл алды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда "Манас" эпосун 124 саат бою тынбай айтып Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу да катышты.

Мамлекет башчысы манасчыны Гиннесстин рекорддор китебине кириши менен куттуктап, манасчынын өнөрү - кыргыз элинин руханий турмушуна, элдик каада-салттарга жана Кыргызстандын жаратман өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салым экенин белгиледи.

"Садыр Жапаров мамлекет чыгармачыл интеллигенциянын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө аракеттерди көрүп жатканын, тактап айтканда, келерки жылы жаңыланган "Манас айылы" этнографиялык комплексинде жаңыланган миң орундуу "Манас" театры ишке кирерин эске салды, муну менен бардык манасчылардын башын бириктирип, бул өнөрдү жайылтууга болот.

Өз кезегинде манасчы Рысбай Исаков Мамлекет башчыга чыгармачылыктын бул түрүн колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаров менен жакынкы келечектеги пландары, тактап айтканда, “Манас” театрынын алдында манасчылар мектебин ачуу ниети менен бөлүштү, ал жерден эл ичинен белгилүү манасчылар чыкмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Рысбай Исаковго “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үч томдугун тапшырып, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан