Дача СУ кырсыгын иликтеген комиссия Жогорку Кеңешке маалымат берди

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Дача СУ каргашасын иликтеген комиссиянын корутундусу угулду. Анда комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Анын айтымында, Дача СУ айылына Boeing-747 учагынын кулагандыгына экипаж тараптан учактын жайгашуу абалына көзөмөлдүн жоктугу себеп болгон.
Учак ээси аталган түркиялык AСT Airlines авиакомпаниясынан кыргыз өкмөтү 4,5 миллион доллар кенемте өндүргөн. Мындан сырткары элден жана ар түрдүү уюмдардан жардам катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 102 миллион сом чогулган.
"Жабырлануучуларга 150-200 миң доллар, үйлөрү талкалангандарга 30-40 миң доллардан берилген. Компенсация албай калгандар болгон эмес ", - деди Шыкмаматов.
Ошондой эле учактагы жүктүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси жок экендиги айтылды.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 10-майда кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссия түзүлгөн.
Дача СУ каргашасы 2017-жылы 16-январда таңкы саат 07:17 чамаларында түркиялык Боинг-747-400 жүк учагы "Манас" аэропортуна жакын турган Дача-СУ аймагына кулап, анда жергиликтүү 35 тургун, учак экипажынын төрт мүчөсү каза болуп, бир нече үйлөр кыйраган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kg-04
2022-12-02 03:36:00
Бек чынында ошондойсун сынды туура кабыл ал
+1
Azat-123
2022-12-03 11:19:00
ДачаСу боюнча аша жооп берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан