Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлүүдө

Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 1-декабрда Ош шаарынын вице-мэрлери, шаардагы мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери адистештирилген мекемелерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барышты.
"Алар “Сантерра-Юг” коомдук кайрымдуулук фондуна, Ош шаардык балдардын реабилитациялык борборуна, көзү азиздер жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатына, Ош шаардык №12 көмөкчү мектебине, “Айданек” бала бакчасына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып кабар алышты.
Аларга материалдык жардам жана азык-түлүк берилди. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков барып, жардам көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: 2022-жылдын 1-декабрына карата Ош шаарында 7375 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт, анын 1050сү 18 жашка чейинкилер.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан