"Катар-2022": Өлүм тайпасына түшүп калган Япония кайрадан сенсация жаратты (видео)

Бүгүн, 2-декабрга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын акыркы турдук оюндары өттү.

3-турдук оюнда Азиядан барган Япония Дүйнө чемпиондугунда фаворит болгон Испания курамасы менен кез келип, сенсациялуу түрдө жеңип алды. Муну менен Япония тайпада жалпы 6 упай топтоп, плей-оффко биринчи орун менен чыкты.

Беттештин 11-мүнөтүндө испаниялык чабуулчу Альваро Мората эсепти ачса, экинчи бөлүк башталаары менен япониялыктардан Рицу Доан (48) менен Ао Танака (51) гол киргизип, оюнду таптакыр башка нукка бурду.

Бул тайпада 4 упайы менен Испания плей-оффко экинчи орун менен чыкты. Германия үчүнчү орунга жайгашса, Коста-Рика 3 упайы менен төртүнчү орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан