Ош шаарында улуттар аралык фестиваль өттү

Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин базасында Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттардын башын бириктирген фестиваль өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын жана колледждердин, музыкалык жана көркөм окуу жайлардын эмгек жамааттары катышты.
Фестиваль окуу жайлардын студенттерин көркөм чыгармачылык менен тааныштыруу, улуттар аралык байланышты бекемдөө максатында өткөрүлдү.
Катышуучулар Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттардын бийлерин, ырларын, музыкалык чыгармаларын аткарышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан