Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү Орусиянын техникалык университетинде акысыз билим ала алат

КМШга мүчө мамлекеттердеги мектептердин бүтүрүү класстарынын окуучулары "Бардык жолдор МАДИге алып барат!" эл аралык интеллектуалдык сынагына катыша алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Билдирүүгө караганда, сынакка ошондой эле колледж студенттери, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү дагы катышса болот.

"Москва автомобиль-жол мамлекеттик техникалык университети (МАЖМТУ) эл аралык интеллектуалдык сынактын жеңүүчүлөрүн аталган окуу жайда магистратура, бакалавр жана специалитет программалары боюнча акысыз билим алууга шарт түзөт. Мындан тышкары жатакана жана стипендия менен камсыз кылынат", - деп жазылган анда.

Сынакка катышуу үчүн шилтеме аркылуу катталуу керек:

  • бакалавр жана специалитет программаларына тапшыруу үчүн 2023-жылдын 27-январына чейин;
  • магистратурага тапшыруу үчүн 2023-жылдын 17-январына чейин.

Белгилей өтсөк, сынак аралыктан (дистанттык форматта) өткөрүлөт. Толук маалымат шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан