Ишкерлерди колдоо! FINCA Банк ишкерлерге 120 миң сом өлчөмүндө гранттык колдоо көрсөттү

FINCA Банк ар дайым ишкерлерди колдоп келет жана айымдардын ишкердигине өзгөчө көңүл бурат.

"Эл аралык толеранттуулук үчүн" фонду менен кызматташуунун алкагында FINCA Банк Кыргызстандын түштүк аймагындагы 60 айымга 120 000 сом өлчөмүндө гранттык колдоо көрсөттү. «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду «Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарында кызматташуу аркылуу жалпы өнүгүү» долбоорун ишке ашырууда, анда Жалал-Абад жана Ош облустарынын айымдары айыл чарба жана тигүү өнөр-жай тармагында 48 бизнес-долбоорду иштеп чыгышкан.

Ишкер айымдар өздөрүнүн бизнес-долбоорлорун сунуштаган иш-чарада бир долбоор тандалып алынган жана аны өнүктүрүүгө 80 000 сом өлчөмүндө гранттык жардам берилген. FINCA Банк айымдардын ишкердиги жакынкы арада өлкөбүздүн экономикасынын өзөгү болоруна жана ишкер айымдардын бизнес-идеялары ийгиликтүү ишке ашарына ишенет!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан