9-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.
Эскертүү!!! 2013-жылдын 8-декабрынан 10-декабрына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км) унаа жолдорунда кар көчкүсүнүн түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн 11°C
Талас облусу. Күндүз 10°C, түнкүсүн -9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз 11°C, түнкүсүн +1°C
Баткен облусу. Күндүз 11°C, түнкүсүн -5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз 6°C, түнкүсүн -6°C
Нарын облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -11°C
Бишкек шаары. Күндүз 10°C, түнкүсүн 4°C