9-декабрь - Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнү

9-декабрь, 1962-жылы ЖКнын экс-депутаты, КТРКнын мурдагы жетекчиси Мелис Эшимканов туулган. Ал жаштайынан Кыргыз үналгысына берүүлөрдү даярдоого катышып, балдар гезитине макалаларды жарыялап турган.

1985-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүрүп, журналисттик эмгек жолун Кыргызстандын теле жана радио боюнча Мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштаган. Кийинчерээк жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Комсомолец Киргизии" гезитинде жооптуу катчы болгон. 1991-жылы "Жаштык жарчысы" гезитинин (мурдагы “Ленинчил жаш” гезитинин) редактору болуп дайындалган. Бул гезитти менчиктештирип, анын аталышын “Асаба” деп өзгөртүп, 1992-жылдан 2001-жылдардын башына чейин кожоюн жана баш редактор катары жетектеген.

Мелис Эшимканов 2011-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

9-декабрь, 2008-жылы Ө.Текебаев, А.Жекшенкулов, Б.Жээнбеков жана Э.Алымбеков баштаган оппозиционерлер АКШга жөнөп кетишкен.9-декабрь, 2012-жылы Базар-Коргон районунан башталган мугалимдердин митинги Өзгөн районунда уланган.

1920-жылы 9-декабрда Италиянын 10-президенти Карло Чампи 1999-жылдан 2006-жылга чейин өлкөнү башкарып, 86 жаш курагында бийликтен кеткен.

 

 

Жылнааама толугу менен бул жакта...

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан