Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрдөгү аба ырайы тууралуу эскертет
Бүгүн өлкө аймагында күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болушу күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Ал эми эртең Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 13-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.