"Умай групп" компаниясынын эмгек жааматы кыргызстандыктарды келе жаткан 2023-жыл, Жаңы жылы менен куттуктайт. Жаңы жыл бардык жаңы ийгиликтердин жана жеңиштердин башталгыч аянтчасы болушун каалайбыз. Бул жыл баарыбызга ден соолук, бакыт, тынчтык, бакубатчылык алып келип, каалоо тилектер орундалсын.
Жаңы жылдын алдында жыл жыйынтыгын чыгаруу адатка айланган. Өлкөнүн эң ири чекене сатуучусу "Умай групп" компаниясы үчүн 2022-жыл өзгөчө болуп калды. Анткени бул юбилейлик жыл эле. 20 жыл ичинде компания бир дүкөндөн Globus, “Народный” жана “Достор” соода түйүндөрүн башкарган тармактын лидерине чейин өстү. Азыр компания ири иш берүүчүлөрдүн жана салык төлөөчүлөрдүн бири болуп саналат. Ошондой эле компания экономиканы колдоо жана бааларды туруктуу кармап туруу боюнча өкмөттүн аракеттерин жигердүү колдоочу субъект.
"Умай Групптун" келе жаткан жылга карата чоң пландары бар.
Мунун менен бирге өлкөнүн экологиясын жакшыртуу жаатындагы долбоорлорду ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, компания буга чейин колдоого алган социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун каржылоону улантат.
“Умай Групп” компаниясы дүкөндөр тармагында соода кылган кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирет. Келе жаткан майрам көңүлдүү жана шаңдуу, ал эми жаңы жыл молчулукка бай болсун. А «Умай Групп» өз кезегинде мындан ары да өз кардарларына берилгендикти улантат жана аларды ар дайым сапаттуу тейлөө жана эң жагымдуу баада товарлар менен камсыз кылууга умтулат.