Ысык-Көл. Караколдук соодагерлер базардын көчүрүлүшүнө каршы болушууда

Учурда "Караколдогу борбордук "Ак-Тилек" базары "Каракол" базарына көчүрүлөт" деген кабар соодагерлердин нааразычылыгын жаратууда. Алар базардын көчүрүлбөсүн талап кылып нааразычылык акциясына чыгышты. Соодагерлер: "Эл ушул базарга көнүп калган. Жаңы базар алыста жайгашкан. Ал жакка маршруттук такси да каттабайт. Бизди кыйнап көчүрүп жатышат. Милиция кызматкерлери бизге кол көтөргөнгө чейин барышты",- дешет. "Сатуучуларды жаңы базарга көчүрүүнүн себеби эмнеде?" деген суроого Караколдун мэри Ишенбек Өмүрканов: "Келерки жылы базарга жакын жайгашкан көчөнү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлмөкчү. Ошол себептен сатуучуларды жаңы салынган менчик “Каракол” базарына көчүүсүн талап кылуудабыз. Бирок сатуучулар ага макулдугун бербей жатышат. Бул эски базарда соода кылууга кыйын, эми кыш мезгилинде сатуучуларга эле убал. Үстүндө кар жаап, суук болуп жатса, баткак кечип кантип соода кылышат?! Бардык маршруттар жаңы салынган базардын жанына баргандай кылып көчөлөрдү оңдоп, чоң жүк ташуучу автоунааларды өткөзбөй турган белгилерди коюунун үстүндө иштеп жатабыз. Бардык шарты бар "Каракол" базарынан соодагерлер баш тартып жаткандыгы мени таң калтырууда",- деген жообун узатты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан