MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Кыргызстандын бардык аймагы боюнча түйүндү өнүктүрүүнү активдүү улантууда. 2022-жылдын декабрь айында жасалган иштер республиканын алты облусунда байланыш сигналын жакшыртып, мобилдик интернеттин ылдамдыгын күчөтүп, үн байланышынын сапатын көтөрө алды.
Базар-Коргон, Баткен, Бишкек, Майлуу-Суу, Ноокат, Ош, Өзгөн шаарларындагы базалык станцияларды модернизациялоо 4G түйүнүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүн бир кыйла жакшыртты. Мындай иш-аракеттер төмөнкү айылдарда аткарылды:
Базалык станцияларды модернизациялоонун эсебинен Базар-Коргон, Бишкек, Кант, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Ноокат, Ош, Токмок шаарларында жана төмөнкү айылдарда 3G түйүнүнүн сигналдары жакшырды:
Муну менен катар эле Базар-Коргон, Бишкек, Майлуу-Суу, Ош, Раззаков, Токмок шаарларында жана төмөнкү айылдарда 2G базалык станция модернизацияланды:
Төмөнкү айылдарга 4G стандартындагы базалык станциялар орнотулду:
3G стандартындагы базалык станциялар төмөнкүн айылдарда ишке берилди: Ысык-Көл облусунун Каркыра, Сан-Таш, Сары-Телегей.
Түйүндүн камтуу аймагы тууралуу кеңири маалымат MEGA сайтындагы Түйүндүн камтуу аймагынын интерактивдүү картасында онлайн-режимде жеткиликтүү. Анын жардамы менен жакынкы базалык станциялардын сигналынын жана 2G, 3G , ыкчам 4G-камтуусунун деңгээлин Кыргызстан боюнча көрүп турууга болот.
MEGA компаниясынын абоненттеринде түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү зарыл деп эсептеген калктуу түйүндөр боюнча суроолору пайда болгон учурда, алар *500 номери (компаниянын Байланыш борбору), +996 999 500 000 WhatsApp номери же Telegram аркылуу кайрыла алат.
MEGA компаниясынын соңку жаңылыктарынан кабардар болуп туруңуздар. Биздин Facebook, Instagram, Twitter жана Telegram баракчаларыбызга жазылыңыздар.