ЭЛДИК КАБАР: Окурман борбордогу Калкты тейлөө борборлорунун биринин ишине даттанды

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды. Анда окурман Ахунбаев-Бах көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Калкты тейлөө борборунун ишине нааразы болду.

"Ахунбаев-Бах көчөлөрүнүн кесилишиндеги Калкты тейлөө борборунда кезекке тургузуу системасы жакшы иштебей жатат. "гу-1" дегени 3 эле компьютер, ал эми "гу-3" дегени 3 компьютер иштейт. Ошондон улам кезек жетпей ызы-чуу.

Эмне себептен бардык компьютерлерге "гу-1" менен "гу-3ту" киргизип койбойт?" деген ал.

Ошондой эле тургун мекемедеги кызматкерлердин тейлөөсүнө, тагыраагы жай кызмат көрсөтүп жатканына канааттанбаганын кошумчалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан