"Бул эч нерсени чечпейт". Депутат Атазов министрлерди сынга алды

Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов парламентке маалымат берүү үчүн министрлер өзү эмес, алардын орун басарлары келгенин кескин сынга алды.

Эл өкүлү эки чылбыр, бир тизгин колунда болбогондон кийин маселени министрлердин орун басарларына айткандын мааниси жок деп эсептейт.

"Азыр Энергетика министринен башкасы эмнеге келген жок? Урматтуу депутаттар, бизди сыйлабаса да, элди сыйлап келишпейби? Экология министрлигиндеги кадр маселеси жана башка башаламандыктар боюнча министрдин орун басары кантип жооп берет? Министр өзү келсин.

Жаштар бир-бири менен чабышып жатса, ички иштер министри эмнеге келген жок? Газпромдун жетекчисин 6-чакырылышта дагы көргөн эмеспиз, азыр да көрбөй жатабыз. Эмне деген жетекчилер булар? Мына ушул бала парламентке дайыма келет, (ред: орун басарын колу менен жаңсап) бирок эч нерсе чечпейт. Орун басарларын жиберип коюп, маселе чечилбегенден кийин мындай жыйындарды токтотпойлубу? ", - деди Атазов.

Ага төрага Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мурда белгиленген план боюнча өкмөт мүчөлөрү менен чоң жыйын өтүп жаткандыгын айтты.

"Мага маалымат берип жатышат. Бири-бирибизди сыйлайлы. Чакырылган эң негизги министрликтер келди. Азыр ушул курамда уланта берели. Жыйындын жүрүшүндө келишсин", - деди Шакиев.

Жогорку Кеңеш 19.01.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан