Өлкө аймагында бир суткада 45 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 44 күжүрмөн эсеп тартылган.
Бишкек шаарында 11, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 8, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 3, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталды.
Куткаруу кызматтары 2 чакырууга барышты.