JTA инвестициялык холдинги Кыргызстанда ири долбоорлорун ишке ашырууга даяр экенин билдирди

JTA эл аралык инвестициялык холдинги (JTA International Holding) Кыргызстанда да өзүнүн ири долбоорлорун ишке ашырууга, ошондой эле жергиликтүү ишкерлерди инвестициялоого даяр. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда өткөн маалымат жыйынында транспорт жана туризм холдингинин жетекчиси Могадаси Фард Мехди Мохсен билдирди.

Анын айтымында, JTA Holding Кыргызстанда өзгөчө туризм тармагында жакшы потенциалды көрүүдө.

"Биз 2 айдан кийин "Кыргызстандын бизнес коомчулугу" форумун уюштурууну пландап жатабыз. Бул ислам инвестициялык форуму болот", - деди ал.

Дүйнөнүн 50 өлкөсүндө кеңселери бар аталган холдинг жемиштүү эмгегинин жана кынтыксыз репутациясынын аркасында учурда Катардын дүйнөдөгү эң ири 23 компаниясынын бири болуп саналат. Ошондой эле анын 12 адистештирилген холдинги бар, алардын ар бири дүйнө жүзү боюнча энергетика, тамак-аш, спорт, саламаттыкты сактоо, туризм, технология жана инфраструктура тармагында жигердүү иштеп, компаниянын шарттарына жооп берген долбоорлорду ишке ашырууда.

Аталган холдинг буга чейин дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү долбоорлорго 220 миллион доллардан ашык инвестиция салган. Ал эми, 2021-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Кыргызстанда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачты.

JTA Холдингдин өкүлү Улукбек Жакыпов билдиргендей, компания консультациялык кызмат көрсөтөт.

"Биз Кыргызстанда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо ала турган маанилүү долбоорлорду издеп жатабыз. Келечекте өкүлчүлүк статусун алабыз деп ишенебиз, - деди ал.

JTA International Холдинг бизнес чөйрөсү менен бардык тармактарда кызматташууга ачык жана калктын жашоосун жакшыртууга мүмкүн болгон, ошондой эле, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо турган маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга инвестиция салууга ниеттенүүдө.

Белгилей кетсек, JTA International Холдинги 2010-жылы дүйнө жүзү боюнча бизнеске жана көрүнүктүү долбоорлорго уникалдуу инновациялык финансылык кызматтарды жана инвестициялык чечимдерди сунуштоо боюнча компания болуу максатында негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан