“Теңдештирүү” түшүнүгүн жоюу: Эмне үчүн кадимки чылым менен ысытылган тамекиге ар башка мамиле жасоо керек?

Өткөн жылдын башында Кыргызстанда Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынган. Өзгөртүүлөрдүн бири чылымдын жана ысытылган тамекинин акциздик чендерине байланыштуу. Анда ысытылган тамекини эл аралык тажрыйбага карама-каршы келсе да классикалык тамеки продукцияларына теңеп коюшкан. Айрыкча, батыш өлкөлөрү эгер адам тамекини таштай албаса, зыяны аз продукцияны тандоодо колдоо көрсөтүү керектигин эбак эле түшүнүп келишет. Жогорку Кеңеш бул маселеге кайрадан кайрылып, депутаттар ысытуучу тамеки таякчасына акциздик салыкты азайтып, аны бир даанасы менен эмес, килограмм менен эсептөөнү сунушташты. Эми бул сунуштун канчалык деңгээлде логикага туура келерин талдап көрөлү.

Чечимдин оң жана терс жагы

Акциздик салык мамлекеттик бюджеттин кирешесинин маанилүү булагы болуп саналат. Кадимки чылым менен ысытылган тамекини теңдештиргендерди жактагандар келтирген бул жүйөөнү, албетте, танууга болбойт. Бул улуттун саламаттыгы жана экономикалык пайданы сактоо жөнүндө карама-каршы пикирлерге көз жумуп коюу менен барабар.

Акциздин функцияларынын бири товарларга адилеттүү салык салуу болуп саналат. Ал кошумча чыгымдарга алып келет. Ал эми тамеки тартуу – оорудан жабыркоо жана мезгилсиз өлүм сыяктуу жаман адаттардын кайгылуу кесепеттерине алып келет.

Ошол эле убакта алар унчукпай коюуну туура көргөн бир нече жагдайлар бар.

Биринчиси, ден соолук жөнүндө. Оорунун алдын алуу аны кийин дарылоого караганда алда канча жеңил жана үнөмдүү. Илимде айтылгандай, жогорку температурада пайда болгон жана 6000ден ашык компоненттерди камтыган чылымдын түтүнүнүн курамында 100гө жакыны зыяндуу болуп эсептелет. Бул химиялык кошулмалар тамеки чеккендердин ден соолугуна коркунуч туудурат. Ошол эле учурда, ысытылган тамекини колдонууда күйгүзүү процесси жок болгондуктан организмге терс таасирин тийгизе турган зыяндуу заттардын деңгээли бир топ төмөндөй тургандыгы илимий жактан далилденген.

Зыянды азайткан азыктарды жана кадимки тамекилерди дифференциалдуу жөнгө салуу мамлекетке шишик ооруларды жана өпкөнүн өнөкөт ооруларын, кант диабетин жана тамеки чегүүдөн келип чыккан жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоого кеткен чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге узакка созулган оорудан улам жумушка чыга албай калуу коркунучун азайтып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.

Ар бир тамеки тартуучунун, дегеле мамлекеттин деңгээлинде чылым чегүүнүн зыянын азайтуу маселесинде Евробиримдик жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Уюму дал ушундай позицияны карманат. Ал жакта кадимки чылым менен зыяны аз түрүнүн ортосунда айырма бар экенин жакшы билишет. Демек, акциздик чендин өлчөмү 90% жетиши мүмкүн. Бул ыкма логикага туура келет: зыяндуу тамак-ашка көбүрөөк салык салынышы керек жана тескерисинче болушу зарыл

«Бирок бизде тамеки продукцияларына андай мамиле жасалбай жатат», - деп белгилейт Жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева. - Инновациялык иштеп чыгуулар менен классикалык продукцияны бирдей коюу мүмкүн эмес. Биринчиден, ысытылган тамекини колдонуудан келтирилген зыян аз болоорун далилдеген илимий изилдөөлөр бар. Экинчиден, акциздердин баасы акырындык менен көтөрүлүп отуруп, орточо наркта болушу керек. Антпесе, бул рынок көмүскөгө кирип кетиши мүмкүн. Акцизге байланыштуу маселеде ойноп отуруп, биз өлкөбүздөгү тамеки өндүрүүчүлөрдөн куру калдык. Ал эми, кошуна Казакстан үчүн товарды кимге сата турганы маанилүү деле эмес. Эң башкысы, ал жактан товар кандай жол менен келет? Аткезчилик жол мененби же баардык салык күтүлгөндөй эле бюджетке түшүшү керек. Салык кодексинде башка дагы аша чабуулар бар. Тамекини жылытуучу жабдуулардын өздөрү бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерге теңештирилип, акциздик алымга да киргизилген, бул түп-тамырынан бери туура эмес. Бул кандайдыр бир суюктукту ысытуу үчүн чайнекке салык салган менен барабар».

Ал эми салык салууга бөлүп кароо менен мамиле кылууну жактаган дагы бир жүйөөнү келтирсек. Бир ысытуучу тамеки таякчасынын курамында бир кутуга салыштырмалуу үч эсе аз чылым бар. Демек, тамеки аралашмасына жараша акциздик чен белгилөө туура болот. Ал эми салыкты килограмм менен эсептөө ысытылган тамеки менен продукциянын көптөгөн түрлөрүнө жана формаларына бирдей эмес салык салуудан арылтат.

Эл аралык тажрыйбада кандай болууда?

Чылым чегүү дагы эле жылына 8 миллионго жакын адамдын өмүрүн алып жаткандыктан, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бул адатты жок кылуу саясаты ийгиликтүү болбой жатат, ал эми тамекиге каршы күрөшүүнүн салттуу чаралары жетишсиз болууда.

«Тамекиге толугу менен тыюу салуу да, акциздик салыктарды жогорулатуу да, баасын кымбаттуу да чылым чегүү менен күрөшүүнүн жетишээрлик натыйжалуу ыкмасы эмес», - деп белгилейт КР эмгек сиңирген дарыгери, зыянды азайтуу боюнча илимий изилдөөлөрдүн автору Альфия Самигуллина. Адатта, бейтаптар тамекини жугуштуу эмес оорулар аныкталганда гана ташташат. Ошондуктан тамеки чеккендердин санын жана көз карандылык менен байланышкан ооруларды азайтуу үчүн тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн кошумча жолдорун издөө зарыл».

Япония, Улуу Британия, Жаңы Зеландия дем берүү менен тобокелдиктерди азайтуу ыкмасы жакшы иштей турганын өз мисалында далилдешүүдө.

Мисалы, Японияга инновациялык ыкма менен жагымдуу натыйжаларга жетишүү үчүн беш жыл талап кылынды. Бул убакыт аралыгында классикалык тамекилерди сатуунун кескин төмөндөшүнүн жана тамекини жылытуучу жабдуулардын рыноктук үлүшүнүн өсүшүнүн фонунда өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу жана жүрөктүн ишемиялык оорусу менен жабыркагандардын ооруканага жаткырылган учурлары кыскарган.

2015-жылы электрондук тамекиге өткөн британиялыктардын дээрлик 60%ы 2020-жылга чейин тамеки чекпей калышты, дейт Deborah Arnott, Action on Smokeing and Health коомдук саламаттыкты сактоо фондунун директору. Кошумчалай кетсек, Улуу Британия тамекини таштагысы келгендерге электрондук тамекиге рецепт сунуштаган биринчи өлкө болушу мүмкүн.

Жаңы Зеландия тамекисиз өлкө деп аталуу алдында турат. Ал жакта зыяны аз болгон тамекиге өтүүгө даяр болгондор колдоого алынды. Өлкөнүн Премьер-министри Жакинда Ардерн билдиргендей, вейпинг жаман адаттан арылуу үчүн эффективдүү курал болушу мүмкүн. Ошондуктан, Жаңы Зеландиянын бийликтери тарабынан киргизилген келечек муундар үчүн тамеки чегүүгө өмүр бою тыюу салуу электрондук тамекилерге жана вейптерге тиешелүү болбойт. Бул саясат статистикага кандай таасир этет? Өткөн жылы эле Жаңы Зеландияда тамеки чеккендердин саны 9,4%дан 8%га кыскарган.

Эгерде мамлекет улуттун ден соолугуна жана өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугуна кам көрүп, “баарына бирдей тартип” принцибинен баш тартса жана мыйзамдык деңгээлде өз жарандарына зыяны аз заттарга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылса, анда мындай көрсөткүчтөр ийгиликтүү тажрыйбага алып келерин тастыктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
agekifol
2023-02-06 07:40:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан