ЭЛДИК КАБАРга жооп: Аким арыктагы суу тоңуп, элет эли убара болуп жатат деген билдирүүгө жооп берди

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган Аксы районунун Кызыл-Капчыгай айылынын тургуну аймакта таза суу көйгөйү чечилбей жатканын айтты.

Ал "Айылдын ортосунан аккан арыктан эл да, мал да суу ичет. Ошол арыктагы суу башынан тоңуп 10 күндөн бери суу жок. Эми айыл тургундары күндө убара. Арыкка, куурларга муз тоңуп сууну айылга алып келиш өтө кыйын болуп жатат.

Район боюнча бир гана биздин айылда таза суу жок. Элдик салым болсун деп топтогон акчанын дайыны жок, топтогон адам каза болуп калган. Дагы деле топтогонго эл даяр. Суу чыгарып эле берсе болду", - деген.

Аталган көйгөй боюнча Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Замирбек Сыдыковго кайрылдык. Ал билдиргендей, Кызыл-Капчыгай айылында 1000ден ашык калк жашайт.

"Капчыгай каналы планга кирген эмес. Эми киргизебиз. Жакында эле, 2022-жылы күзүндө Боспиек менен Жерге-Тал айыл өкмөтүндө таза суу долбоору ишке ашты. Кызыл-Капчыгай айылында таза суу менен камсыз кылуу эми ишке ашырылат. Бул боюнча айыл өкмөт башчысына долбоорду түзүү боюнча тапшырма берилди.

Быйыл жерди трансформация кылып, долбоорлорун, архитектуралык, инженердик техникалык шарттары даярдалып, сметалары, геологиялык изилдөөлөрү такталат. Документтери бүткөрүлгөн соң курулуш башкармалыгына сунушубузду киргизебиз. Андан соң капиталдык курулуш башкармалыгынын тизмесине кошулат. Кийин ал тизмеге ылайык Жогорку Кеңештен атайын акча бөлүнүп, анан иш башталат", - деп билдирди ал.

Ошол эле маалда Сыдыков Аксы району боюнча 45 пайыз таза суу менен камсыз болгонун кошумчалап өттү.

"Жалпы 45 пайыз таза суу менен камсыз болду. Район боюнча 147 миң калк бар, анын ичинен 70 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз боло элек" деп билдирди аким.

Маалымат үчүн: Кызыл-Капчыгай айылы Аксы районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын курамына кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-24 21:32:00
Бул маселе жакын арада чечилет деп ишенебиз. . .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан