Атактуу чабуулчу Килиан Мбаппе карьерасында биринчи жолу бир оюнда беш гол киргизип, "ПСЖ" футболдук клубунун тарыхына кирди.
24 жаштагы чабуулчу Франция Кубогунун 1/16 финалында өлкөнүн төмөнкү дивизиондорунун бириндеги "Пейс де Кассель" футболдук клубуна пента-трик жасады.
Оюндун 29-мүнөтүндө Мбаппе эсепти ачып, биринчи бөлүк бүтө электе эле дагы эки гол киргизди. Тыныгуудан кийин франциялык чабуулчу дагы эки жолу гол киргизип, эсепти 7:0гө айлантты.
Муну менен Килиан Мбаппе париждик клуб үчүн бир оюнда беш гол киргизген биринчи оюнчу болуп калды.