Кеңейип жатабыз! «Кыргыз-Швейцариялык Банкы» караколдуктарды өзүнүн жаңы филиалына чакырат

«Кыргыз-Швейцариялык банкынын» («КШБ») филиалдык тармагы жакында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы жаңы эки кабаттуу заманбап тейлөө борбору менен толукталды. Ачылыш күнү кызматкерлер Каракол шаарынын тургундарын жана конокторун, жергиликтүү ишкерлерди, райондук администрациянын, шаар мэриясынын жана КР Улуттук банкынын өкүлдөрүн жылуу тосуп алышты.
Чогулгандарды тосуп алуу менен «КШБ» ЖАК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Сыдыков Атай Швейцариянын банк тейлөө стандарттарына шайкеш келген заманбап, ыңгайлуу жана техникалык жактан жабдылган кеңсе шаар тургундарынын жана меймандарынын ыңгайлуулугу үчүн ачык экендигин белгиледи.
"Облуста келечектүү тармактар көп, алардын алкагында регионду өнүктүрүүчү кызыктуу долбоорлорду түзүүгө болот: Туристтик, тоо - кен, айыл чарба, соода жана башка көптөгөн тармактар", - деди Атай Жоомартович.
- Филиалдын кызматкерлери бардык суроо-талаптарды жана каалоолорду толук канааттандыруу менен кардарларды тейлөөнүн эң жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшашат».
Ленин көчөсү, 157 боюнча борбордук базардын жанындагы шаардын жандуу бөлүгүндө ыңгайлуу жайгашкан Каракол филиалы өз кардарларын иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуусуз күтөт (касса саат 17:00гө чейин тейлейт).
Филиалда жеке жана юридикалык жактарга банк ишинин бардык багыттары боюнча кызмат көрсөтөт: эсептешүү-кассалык жана валюталык-алмашуу операциялары, депозиттерди ачуу жана кредиттерди берүү, төлөмдөрдү кабыл алуу, акча которуулар, улуттук жана эл аралык системалардын төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө, ошондой эле башка сервистер.
Кардарлар көптөгөн операцияларды өз алдынча онлайн – «КШБ» мобилдик жана интернет-банкингинин жардамы менен ыңгайлуу жүргүзө алышат. Банк өзүнүн өнүгүү стратегиясынын алкагында заманбап санариптик чечимдерге кыргызстандыктардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен аймактарда катышуусун бекемдөөнү улантат.
Караколдогу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр тууралуу кененирээк +996 (312) 54 34 24 (кошумча 203 же 206) телефону же Ленин көчөсү, 157 дареги боюнча филиалдын өзүнөн билүүгө болот.
Караколдогу жаңы филиалга кош келиңиздер! «Кыргыз-Швейцариялык Банкы»: жаңы бийиктиктерге биргеликте!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан