О! Мобилдик оператору eSIM технологиясын жайылтуу багытында жол баштоочу боло алды: кыргызстандык операторлордун ичинен технологияны коммерциялык эксплуатацияга алгачкылардан болуп киргизип, ал эми өткөн жылдын аягында eSIMди орнотууну толугу менен акысыз кылып койду.
eSIMди сөзсүз колдонуп көрүш керек
Болгону смартфонуңузда технология иштей турганын текшериңиз. Алгач o.kg сайтына кирип, технология жеткиликтүү болгон моделдердин тизмеси менен таанышып чыгыңыз. Баса, ostore.kg интернет-дүкөнүндө сунуш кылынган iPhone моделдеринде eSIM колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.
Смартфонуңузда eSIM иштейт дейли. Демек, аны O!Store дүкөндөрүнүн биринен уникалдуу QR-код алуу менен акысыз активдештире аласыз. Кошууга болгону беш мүнөттүк убактыңыз кетет!
eSIM эмнеси менен ыңгайлуу
eSIM менен чалууга, интернет колдонууга – көнгөн бардык аракеттерди аткарууга болот. Өзүңүзгө ыңгайлуу тарифти тандаңыз да, санарип мүмкүнчүлүктөрдүн дүйнөсүн карай багыт алыңыз!
Бул акылдуу үйлөрдү, шаарларды жана жалпы эле санариптештирүүнү өркүндөтүү жагынан абдан перспективалуу технология болуп саналат.
Трендден артта калбаңыз, О! менен бирге болуңуз!
О! Мобилдик оператору – Кыргызстандын эң ири мобилдик байланыш оператору жана калктын 99%ын кучагына алган 4G/3G/2G камтуусу менен сыйымдуулугу боюнча өлкөнүн лидери. О! –бул инновациялар менен сапаттуу сервис.