Эртең, 28-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6;
Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…5;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында түнкүсүн -8…-10, күндүз 3…5.