Бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов 55 жашка толду. Ырчы менен байланышканыбызда учурда ал концертке даярданып жүргөнүн айтты.
"Тагдыр жана мен" деген ырга клип тарттык. Жакында чыкканы жатат, даяр. Мындан сырткары, Марклен Агайдаров менен "Эгиз жан" деген дуэт ырды жаздык. Учурда чоң концертке даярданып жүрөм. Биринчи бөлүгү оркестр менен, экинчиси эстрада", - дейт ырчы.
"Ойлойсуңбу?", "Сулууга", "Ай баратат" деген классикалык чыгармаларды аткарып элге таанылган ырчы 1968-жылы Сокулук районундагы Мыкан айылында туулган. 10 бир туугандын кичүүсү. 2-класстан кийин Фрунзедеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектебине кирип, ал жакта Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Актан Исабаев менен бирге билим алган. Музыкалык мектепти аяктаган соң М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырган.
Ырыскелди Осмонкулов 1992-жылы “Инсан” тобунда ырдап, “Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай” деген ыр менен эл алдына чыккан. Ал эми 1996-жылы “Ай баратат” ыры менен жеке чыгармачылыкка киришкен. 2003-жылы “Эмгек сиңирген артист” наамына татыган.
28-январга карата жылнаама.