Ошто кыргыз тилине арналган инсталляция орнотулду

Ош шаарынын "Жеңиш" аянтына белгилүү акын-жазуучулардын мамлекеттик тилди даңазалаган сөздөрүн чагылдырган инсталляция орнотулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, ОшМУнун проректору, шаардык мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү Мастура Шарипова жана жаштар катышты. Анда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон мугалимдер сыйланышты.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан