Тамактануу учурунда гана эс алышат. Тоо койнундагы 24 сааттык эмгек (фотобаян)

"Кыргыз көмүр" ишканасы 27-28-январь күндөрү журналисттер үчүн атайын пресс-тур уюштурду. Анда Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече", "Миң-Куш" кендериндеги көмүр казуу, жүктөө, жумушчулардын тамактануу жана башка иш процесстерине күбө болдук.
Белгилей кетсек, учурда "Кара-Кечеде" 437 кызматкер эмгектенип, калкты "кара алтын" менен камсыз кылып келүүдө. Жумушчулар 24 саат бою эки нөөмөт менен тынымсыз иштешет. Кенде бүгүнкү күндө жүктөгөнгө 150 миң тонна көмүр даяр турат. Ал эми ар күнү 250-300 унаага кесек көмүр жүктөлүүдө. Анын ичинен 150-170 унаа көмүр Бишкек ЖЭБине жөнөтүлүп жатат.
Азыркы тапта иш кызуу жүрүп жаткан "Кара-Кече" кенинен сүрөт баян сунуштайбыз.


Маалымат үчүн: "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы 2012-жылы көмүр казуу тармагындагы мамлекеттик саясатты жайылтуу жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Ошондой эле ишкана ички рынокту ата мекендик көмүр менен камсыз кылуу жагынан көмүр казуучу ишканалардын өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүгүн координациялайт.


кошулду
Көмүр казуу учуру
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан