Сатып алуу процессин кантип максималдуу ыңгайлуу кылуу керек? Заманбап дүйнөдө эң маанилүү жана баалуу ресурс - бул убакыт. Аны супермаркеттерден соода жүргүзүү сыяктуу күнүмдүк муктаждыктарды чечүүгө жумшагысы келгендер аз.
"Umai Group" бренддер портфелине кирген эң ири "Globus" дүкөндөр тармагы өз кардарлары үчүн соода процессин жеңилдеткен жана убакытты гана эмес, акчаны да үнөмдөгөн бир катар кызматтарды активдүү өнүктүрүүнү улантууда.
Дайыма сиз менен болгон дүкөн
Анын жардамы менен сиз дүкөнгө келгенге чейин керектүү нерселердин баарын таап, тандай аласыз. Сатып алуулардан үнөмдөөгө, бонустарды чогултууга жана аларды сатып алуудагы берилген акцияларды билип, жеке кошумча арзандатуу колдонула турган "сүйүктүү" товарларыңызды тандап жана кеңеш ала аласыз. Эң негизгиси үйүңүздөн чыкпай эле сатып алууга мүмкүндүк бар.
"Globus" интернет дүкөнү – бул дүкөнгө барчу жолго кеткен убакыттан кабатырланбай, шашпай тандоо жасоо менен максималдуу комфорт түзүп, сатып алууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү кызмат. Ыңгайлуу гана эмес, пайдалуу дагы.
Өзүңүзгө керектүү товарды тандап, буйрутма берип, сизге ыңгайлуу болгон төлөм формасын тандаңыз - накталай эмес же накталай акча. Андан соң өз ишиңизди уланта берсеңиз болот. Курьер баарын өз убагында жана эшигиңиздин алдына чейин жеткирет.
Сапат, ишенимдүүлүк жана кепилдиктер
Кыргызстанда цивилизациялуу сооданы өнүктүрүү соода тармагынын маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Ошондуктан компаниянын корпоративдик кардарлары үчүн уюмдарды жана мекемелерди тейлөөгө багытталган атайын программа иштелип чыккан.
Эксперттик кеңештер, эң пайдалуу сунуштарды тандоодо жардам, өлкөнүн каалаган жерине кылдат жеткирүү логистикасы, товарлардын сапатына кепилдиктер жана эң акыркысы, сертификаттардан эсеп-фактураларга чейин бардык керектүү документтерди берүү жана кызматташуу үчүн https://globus.kg/suppliers-and-partners/to_corporative_clients ссылка менен кириңиз.
"Globus" - бул арзан баадагы дүкөн жана сиздин соода дүйнөсүндөгү жеке жардамчыңыз!