Beeline'дын IT-курстарында ар кандай курактагы жана ар кандай кызматтагы 75 кыргызстандык окутулуп жатат.
Январдын аягында Beelinе маалыматтык коопсуздук боюнча акысыз курска катышуучуларды тандоону аяктады. Келечектүү адистикти өздөштүрүүнү каалаган миңдеген адамдын ичинен мындай мүмкүнчүлүккө 15 адам ээ болду. Алар актуалдуу IT кесибине окутуунун экинчи агымынын алкактарындагы башка төрт багыттын катышуучуларынын катарына кошулушту.
Кыргызстандын жашоочуларына маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө окутуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган уникалдуу долбоор эки жылдан бери Beeline жана Билим берүү демилгелеринин фондунун биргелешкен демилгеси боюнча ишке ашып жатат. Катышууга өлкөнүн ар кайсы региондорунан бардык каалоочулар чакырылган.
Долбоорду ишке ашыруу башталгандан тартып 3000ден ашуун өтүнмө келип түшкөн. Тандоонун натыйжалары боюнча 75 катышуучу IT адисинин карьерасы боюнча өз кыялдарын ишке ашырууга эң сонун мүмкүнчүлүк алышты. Алардын арасында – студенттер жана мектеп окуучулары, инженерлер жана фермерлер, окутуучулар жана аскер кызматчылары, үй чарбасындагылар, көп балалуу энелер бар. Катышуучулардын жаш курагы 17ден 40 жашка чейинкилер. Азыр алар эң керектүү беш багыт боюнча тажрыйбалуу менторлордун жетекчилиги менен акысыз курстардан өтүп жатышат.
Окутуу гибриддик форматта өтөт. Борбордо сабактар кадимки офлайн-режиминде жүргүзүлөт, региондордун жашоочулары онлайн окушат. Жалал-Абад менен Бишкектен келген катышуучулар заманбап оргтехника, ыңгайлуу эмеректер жана Интернетке жеткиликтүүлүк менен жабдылган акысыз коворкинг-борборлордо окуй алышат. Кыргызстанда ушундай үч борбор иштейт:
Билим берүү процесси негизги курс менен чектелбейт. Beelineдан профилдик IT -багыттарынын жана башка топ компаниялардын эксперттери менен жолугушуулар дайыма өткөрүлүп турат. Курстардын угуучулары тимбилдингдерге катышат, окуудан тышкары бир-бири менен таанышат жана баарлашат.
Инновациялык окутуу процессинин мүнөзү дал ушундай, жандуу, кызыктуу жана дем берүүчү болушу керек. Бул жаңы билимдер гана эмес, кызыктуу таанышуулар, өз ишинин чыныгы устаттары менен баарлашуу, пикирлештер менен досторду табуунун мүмкүнчүлүгү. Биз жөн эле жаңы кесиптерге гана окутпастан, Кыргызстандын жаштарына кайсы-бир чет өлкөдө эмес, өз мекенинде жаңы келечектерди көрүүсүнө жардам кылабыз. Жана биз Beeline менен бирдикте өзүнүн кесиптик жолун бирге баштаган кыргызстандык IT адистердин ийгиликтери жөнүндө келечекте көп жолу уга тургандыгыбызга ишенебиз” – деп компаниядагылар белгилешти.
Курстарды аяктагандан кийин катышуучулар жюринин талкуусуна өз долбоорлорун көрсөтүү менен алган көндүмдөрүн демонстрация кыла алышат. Курстардын мыкты бүтүрүүчүлөрү Beeline'дан баалуу байгелерди жана ошондой эле эл аралык компаниядан такшалмадан өтүүгө чакыруу алышат.
Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт!