Кыргызстандын бизнеси кирешени көбөйтүү максатында жаңы технологияларга көбүрөөк кайрыла баштады. О! Мобилдик оператору камсыздап жаткан «Акылдуу түзүлүш» тарифи аркылуу М2М машина аралык өз ара аракеттешүү технологиясын колдонгон чөйрөлөрдүн саны күн санап көбөйүүдө.
Жаңы технологияларды колдонуу бузулууларды өз убагында аныктап чыгууга жана аларды аныктоо убактысын кыскартууга, жумушчу ресурстарды кайра бөлүштүрүүгө, жана бардык процесстердин натыйжалуулугун кыйла жогорулатууга жардам берет. Ал эми бул, өз кезегинде, финансылык абалга жакшы таасир этет.
Кызмат автотранспорттук көзөмөл, энергетика, ТКЧ, банк жана соода тармактарында, күйүүчү-май-энергетика секторунда ишмердүүлүк жүргүзгөн компаниялар үчүн өтө керектүү. Алар менен катар эле, күзөт сервиси, коопсуздук, логистика жана тутумдук интеграция жаатында адистешкен ишканалар да колдоно алышат.
Бир түзүлүш «Акылдуу түзүлүш» тарифи менен иштеген атайы бышык SIM-карта аркылуу тейленет. Анын ичинде бир айга 100 SMS, О! түйүнүндө чалуулар үчүн 10 мүнөт жана 200 МБ бар. Мунун ыңгайлуулугу негизги топтом бүтүп калгандан кийин интернеттин тарифтештирилбегенинде. Ал эми төлөө мезгилин өзүңүз тандап аласыз. Албетте, жылдык тейлөө кыйла пайдалуу:
Тарифти каалаган O!Store дүкөнүнөн кошуп алууга болот. Акылдуу түзүлүштөрдөгү бардык номерлерди «Мой О!» тиркемесиндеги «Менин номерлерим» тобуна киргизип, аларды оңой башкарасыз, ушул эле жерден номерлердин баланстарын көзөмөлдөп, керектүү учурда «О!Деньги» капчыгынан толуктай аласыз. Баалар КНС жана СС эсепке алынып көрсөтүлгөн. Тариф жөнүндө толук маалымат m2m.o.kg сайтында.