"Өзүңүз киришпесеңиз, эл аябай кыйналды". Балбак Түлөбаев президентке кайрылды

Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев Балыкчы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын алмаштыруу керектигин айтты.
"Балыкчыда 3-4 кабаттуу үйлөр көп. Аларды жеке менчик деп эч ким карабайт. Каралбай калып, үстүнөн суу тамчылап жатат. Өкмөт ошого да көңүл буруп, жок дегенде чатырын алмаштырып берип койсоңор ичине суу тамчылабай калат эле. Же мэрияда акча жок, же өкмөттүн мыйзамдары ага жол бербейт", - деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул маселеге өзү киришпесе эл аябай кыйналганын белгиледи.
Депутат мындан сырткары шаардын башкы планын чийүү тапшырмасы бир жыл мурда эле айтылганын кошумчалады.
Жогорку Кеңеш 02.02.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан