Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев президенттин демилгеси менен башталган жер амнистиясы иштебей жатканын айтты.
Эл өкүлү жергиликтүү бийликтегилер "ишиңди бүтүрүп берем" деп пара талап кылып жаткандыгын билдирип, бул багытта иш алып баруу үчүн акимдерге тапшырма берүү керектигин белгиледи. Эгер андан да майнап чыкпаса, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге айтып, уурдап, алдап жана иштебей жаткандарды жазага тарттыруу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын соңунда Садыр Жапаров 2022-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда 25 миң гектар жердин трансформация болорун билдирген. Ал эми 1-апрелде "Жер мунапысы" деп аталган мыйзам кабыл алынган.