Лебединовкада 24 жаштагы жаранды үйүнүн жанынан тоноп кеткенге шектүүлөр кармалды

Бишкектеги Лебединовка айылында 24 жаштагы жаранды үйүнүн жанынан ур-токмокко алып, тоноп кеткенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 31-январында милицияга 1998-жылы туулган У.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 31-январь күнү саат 19:00 чамасында Лебединовка айылындагы үйүнүн жанынан белгисиз бет капчан адамдар ур-токмокко алып, чөнтөгүндөгү iPhone 11 үлгүсүндөгү телефонун жана 40 миң сом акча каражатын алып кетишкендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган Д.М. жана 1998-жылы туулган Ө.О. аттуу жарандар кармалды.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан