Эртең, 3-февралда Хорватиянын борбору Загреб шаарында "Zagreb Open" эл аралык турнири старт алат.
Турнирге 62 килограмм салмак категориясында Айсулуу Тыныбекова дагы катышат. Кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштайт жана анда кытайлык Сяоцзюань Ло аттуу балбан кыз менен кез келет.
Айсулуу Тыныбекова бул балбан кыз менен буга чейин бир жолу беттешкен. Алар 2022-жылдын декабрь айында АКШда өткөн Дүйнө Кубогунда кез келген. Анда Айсулуу Тыныбекова кытайлык атаандашын 4:0 эсебинде жеңип алган.
Эгерде Айсулуу Тыныбекова кытайлык атаандашын жеңсе, 1/8 финалда күчтүү делген болгариялык Биляна Дудова менен кез келет.
Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.