"Атлетико Мадридде иштеген". ФИФАнын машыктыруучусу кыргыз футболчуларын машыктыра баштады

Кыргызстанда испаниялык футбол адиси таланттарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында ишке киришти. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, январь айынын аягында Бишкек шаарына испандык адис Даниэл Лимонес келген, ал ФИФАнын таланттарды өнүктүрүү долбоору алкагында ишке ашырылган FIFA Talent Coaching багыты боюнча жумушун баштады.

Чет өлкөлүк адис июль айынын аягына чейин футбол академияга тиешелүү жаштар курамдардын машыктыруучулары менен иш жүргүзүп, аларга консультация берип, машыгуу процессинде өз көмөгүн көргөзөт.

Андан сырткары, Лимонес 13-16 жаштагы оюнчулардан куралган эки жаштар жана бир кыздар курамасынын насаатчысы болуп дайындалып, алар менен машыгууларды өткөрөт.

Тажрыйбалуу адис УЕФА PRO машыктыруучулук лицензияга ээ. Өз учурунда "Атлетико Мадрид" (Испания) футболдук академиясынын координатору жана Пакистан футбол федерациясынын техникалык директору болуп эмгектенип, Ла-Лига Академиясында да иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан