Бүгүн, 3-февралда Хорватиянын борбору Загреб шаарында "Zagreb Open" эл аралык турнири старт алды.
Турнирге 62 килограмм салмак категориясында катышкан кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштады. Анда кытайлык Сяоцзюань Ло аттуу балбан менен кез келип, 10:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова турнирден четтеп калды.
Айсулуу Тыныбекова бул балбан кыз менен буга чейин бир жолу беттешкен. Алар 2022-жылдын декабрь айында АКШда өткөн Дүйнө Кубогунда кез келген. Анда Айсулуу Тыныбекова кытайлык атаандашын 4:0 эсебинде жеңип алган.