6-февралдан тарта карызы барлардын электр жарыгы өчүрүлөт. Буга Бишкек шаарында электр энергиясына карызы бар абоненттердин көбөйгөнү себеп.
Мындан улам электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган системасы карызы бар 7 миңден ашык абонентти дистанттык түрдө өчүрөт. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
"Өткөн жылдын декабрь айында жана 2023-жылдын январында катуу суукту эске алып, карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлгөн эмес", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары дебитордук карыздын өсүүсү электр тармактарын жана жабдууларды тейлөөгө түздөн-түз таасирин тийгизе турганы белгиленди.